16:46
USD 87.00
EUR 89.68
RUB 0.84

Жакында жаз! «Бишкекжашылкурулуш» ишканасы күнөсканага 1 жылдык гүлдөрдү себишти

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын № 1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын үрөөнү себилди. Алар өнүп чыккан соң чөйчөккө көчүрүлөт. Андан соң гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын күнөсканаларында өстүрүлөт.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жай мезгилинде борбор калаада 1 млн 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт.

Эң көп окулган жаңылыктар