Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи жумасында (2024-жылдын 30-декабрынан 5-январына чейин) курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 4 миң 245 жана 16 сасык тумоо катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине шилтеме берүү менен билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 1,9 пайызга азайып, эпидемиологиялык абал туруктуу.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.
Акыркы жумада метапневмовирус жана COVID-19 жаңы учурлары аныкталган жок.
Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 инфекциялары боюнча эпидемиологиялык абалды баалоо улантылууда жана көзөмөлгө алынууда.