Аба ырайынын суугуна байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сосновка» постунда саат 11.30дан, Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 10.40тан тарта чектөө киргизилет.
Бул иш-чаралар жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттордун ашуулардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу жана сааттарга созулган жасалма тыгындардын пайда болушуна жол бербөө максатында көрүлүүдө.