Кыргызстандын футбол союзу 2024-жылдын мыкты спортчуларына сыйлыктарды тапшырды. Кечээ кечинде Бишкекте эң мыкты KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Жалпысынан 12 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кожо Жоел менен Айжан Боронбекова 2024-жылдын мыкты футболчулары деп табылды.
KFS билдиргендей, Кожо Жоел менен Ислом Ахмедовдун ар бири 500 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.
KFU Football Awards лауреаттарынын тизмеси
мыкты футболчу — Кожо Жоэл;
мыкты футболчу — Айжан Боронбекова;
мыкты жаш футболчу — Эрмек Кенжебаев;
мыкты футзалчы — Кайрат Кубанычов;
мыкты футбол машыктыруучусу — Ислом Ахмедов;
аялдардын футбол боюнча мыкты машыктыруучусу — Гүлбара Уматалиева;
футзал боюнча мыкты машыктыруучу — Мирланбек Абдыкадыров;
мыкты футбол калысы — Вероника Бернацкая;
футзал боюнча мыкты калыс — Талантбек Раимбердиев;
мыкты футболдук клуб — «Абдыш-Ата»;
мыкты аймактык уюм — Жалал-Абад областынын футбол ассоциациясы;
мыкты спорттук уюм Барселона футбол академиясы болуп саналат.