23:08
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Депутат бардык аткаминерлерди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге бардык чиновниктерди мыйзамсыз баюу фактылары боюнча текшерүүнү сунуштады.

Ал белгилегендей, айрым мамлекеттик кызматкерлер жумушун бизнеске айлантып алышкан.

«Мен мамлекеттик кызматта жүргөн адам кантип байыганын текшерүүнү сунуштайм. Алардын жеке бизнеси жок, салык төлөгөн эмес. Бирок эл алардын абалын көрүп, канчалык шылтоолоп, карапайым элге жардам берип жатабыз дегендей түр көрсөтүшпөсүн... Жетекчилерди текшерүүнү сунуштайм», — дейт Алишер Козуев.

Камчыбек Ташиев атайын кызмат пара менен кармалгандарды гана текшерет деп жооп берди.

«Чындыгында, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, бирок бизнеси бар, жакшы үйлөрдө жашап, эң мыкты унааларды айдап жүргөндөр бар. Алар сонун жашашат. Бирок биз аларды текшербейбиз. Эгерде бул чиновник коррупция боюнча кармалса, тергөө мындан ары да уланат. Мыйзамсыз баюуну көрсөтөбүз», — деди Камчыбек Ташиев.

Чынын айтсам, ар бир чиновникти текшерсе болот. Бирок бизге азыр коомдо чатак керек эмес.

Камчыбек Ташиев

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын башчысы коррупция үчүн айып пулду алып салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттарга алып чыкты. Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар