11:00
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Баткенде ойнотулган лотерея мыйзамсыз деп табылды

24-25-август күндөрү Баткенде ойнотулган «Баткен Пауэр» лотереясы мыйзамсыз уюштурулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) маалымдады.

Фактыга байланыштуу 25-августта Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси («мыйзамсыз ишкерлик кылуу») менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргөн.

«УКМКнын Баткендеги башкармалыгы менен облустук прокуратура кылмышка шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү жүргүздү. Анда 800 миң сом акча, банк карталары, машиналарды пайдалануу үчүн берилген ишеним каттар алынды. Ошондой эле байге катары ойнотулат делген жети машина убактылуу токтотуучу жайга коюлду. Ар бир турда орточо байге фонду беш миллион сомдон сегиз миллион сомго чейин болгон. Ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Лотереянын уюштуруучулары байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдаган. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чынында байгелерди уюштуруучулар бөлүштүргөнү такталган», — деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби