Кыргызстанда мотоцикл ээлери үчүн жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар бериле баштады. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар ыңгайлуу жана компакттуу болуп, бул жолдордогу мотоциклдерди идентификациялоону жакшыртат жана коопсуздукту жогорулатат.
Жаңы үлгүдөгү биринчи мамлекеттик номурду бишкектикке агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Акжолтоев тапшырды.
Биринчи этапта жаңы үлгүдөгү унаа номурлары эскилерин алмаштыруунун негизинде берилет. Бишкек шаарында жашаган мотоцикл ээлери жаңы номурларды алуу үчүн аймактык башкармалыктарына кайрылса болот. Алар жакында бардык аймактарда жеткиликтүү болот.