22:14
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Бүгүн Бишкектеги айрым көчөлөрдө муздак суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 28-ноябрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин Бишкектеги Лермонтов, ЧЧК, Зеленая көчөлөрүндө, Жеңиш проспектисинде муздак суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, муздак сууну өчүрүү суу түтүктөрүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар