Олимпиаданын эки жолку байге ээси Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелестеги Олимпиадага катышууну пландап жатат. Бул тууралуу ал УТРК спорт телеканалына берген маегинде билдирди.
Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасында Олимпиаданын алтын медалын ала электигин белгиледи.
«Мен башка бардык сыйлыктарды алдым. Ар бир спортчу Олимпиададан алтын медаль менен кайтууну кыялданат. Чемпион болгондо сезим башкача. Муну эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Бул жеңиш үчүн кайра-кайра күрөшкүң келет», — деди ал.
Буга чейин спортчу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп, карьерасын улантарын билдирген.
Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын эң титулдуу спортчуларынын бири: Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдардын ээси, дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.