01:32
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

«Ош-Баткен-Раззаков» жолунун калган бөлүгү качан бүткөрүлөөрү айтылды

«Ош-Баткен-Раззаков» унаа жолунун калган бөлүгү 2025-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында Транспорт министрлигинин башчысы Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Ош-Раззаков унаа жолунун 19 чакырымдык Ноокат бөлүгүн ачкан. Баткен районунун Караван айылына дагы 28 чакырым жол бар.

Депутат Бакытбек Марипов бул жолду негизинен Баткен жана Ош облустарынын тургундары пайдалана турганын белгилеп, курулуштун мөөнөттөрүн жана сапатын көзөмөлдөөнү суранды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Ош-Баткен-Раззаков автожолунун курулушуна 133,58 миллион доллар бөлгөн. Анын 50 миллион доллары Ноокаттагы жолдун курулушуна (28-чакырымдан 75-чакырымга чейин).

Мурдагы депутат Айбек Осмонов буга чейин демөөрчүлөр 110 миллион доллар бөлүп бергени менен Транспорт министрлиги трассаны курууга беш жылдан бери тендер өткөрбөй жатканына нааразы болгон. Андан соң башкармалыктын башчысынын орун басары Ырысбек Бариев Ноокат шаарына мамлекеттик бюджеттин эсебинен 13 чакырым жол курууну чечтик деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар