17:27
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан алдамчылар акча талап кылышууда

Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып, ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейзбук баракчасына жазды.

Ушуга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбоону эскертет.

«Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт.

Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса анда бул шылуундар деп билиңиздер», — деп жазды.

Эң көп окулган жаңылыктар