05:50
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

ӨКМ: Балыкчыдагы үй дээрлик эки саатта өчүрүлдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында күйүп жаткан үй дээрлик эки саатка өчүрүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эки кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыкканы тууралуу маалымат бир күн мурун, 10-ноябрда келип түшкөн. Саат 19.42де окуя болгон жерге эки өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлгөн. Саат 20.17де өрттүн локализациясы аныкталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумчалагандай, саат 21.54тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. 

Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар