02:14
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 07:30да алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

 Маалыматка ылайык, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан шамал үйлөгөн кар күрткүлөрүн тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле жумуштар Өтмөк ашуусунда да аткарылып жатат. Ал эми Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы (60-чакырымына) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар.

Эң көп окулган жаңылыктар