19:10
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Мындан ары шарият жөнүндө сөз кылбаңыз! Депутат кесиптешине эскертүү жасады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов кесиптеши Арсланбек Малиевден шарият (ислам мыйзамдары негизделген негизги эрежелер, каада-салттар жана үрп-адаттар системасы) тууралуу терс сөз кылбоосун талап кылды.

Эл өкүлдөрү Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча арзан турак-жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну талкуулашты.

Депутаттар комитет буга чейин келишимдин долбоорунан «шарият» деген сөздү алып салууну суранганын эске салышты. Эл депутаты Арсланбек Малиев залда отургандардын кимиси шариятты окуйт деп сурады. Жооп болгон жок.

«Ал эми шариятта бийлегенге, ырдаганга, жылкы этине тыюу салынган. Ал жерде кыргыз элинин улуттук каада-салтына карама-каршы келген нерселер көп. Ошондуктан бул сөздү мыйзамдарда колдонбошубуз керек. Бир жолу уруксат берсек, ага жол ачабыз. Шарият кооптуу нерсе», — дейт Арсланбек Малиев.

Бул сөздөргө депутат Улан Бакасовдун нааразылыгын жаратты.

«Арсланбек Касымакунович, шарият жакшы нерсе. Сен өз диниңди башкаларга таңуулабаңыз да, дин тандоо укугубузду чектебегиле. Бул жерде эч качан шарият жөнүндө сөз кылбаңыз. Ал коркунучтуу эмес», — деди Улан Бакасов.

Өз кезегинде комитет төрагасы Улан Примов Кыргызстан светтик өлкө экенин жана дин мамлекеттик бийликтен бөлүнгөнүн белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар