18:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чаткалда кар көчкүнүн астында калган дагы үч адамдын сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан дагы үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.

Калган 2 жарандын издөө иштери дагы эле уланууда.

ӨКМнын басма сөз кызматы
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы

Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.

Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-октябрь, жума