18:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 11-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 16-октябрда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8°, күндүз 7...12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, күндүз 5...10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 6...11°, күндүз 11...16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0...5°, күндүз 3...8°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −4...-9°, күндүз 1...6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, күндүз 6...11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0...5°, күндүз 6...11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −3° сууктан...+2° жылуулука чейин, күндүз 2...7°, бийик тоолордо түнкүсүн −5...-10°, күндүз −2° сууктан...+3° жылуулука чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби