20:54
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

9-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6... +11, күндүз +21...+26,

Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9... +14, күндүз +22...+27,

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +4...+9, күндүз +16 ...+21,

Нарын облусу түнкүсүн +1...+6, күндүз +16...+21.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +23...+25 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар