15:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун үйлөнүү тою. Кандай өттү?

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбековдун үйлөнүү үлпөт тоюу өттү.

Майрамдык иш-чаранын негизги бөлүгүндө улуттук маданиятка басым жасалды. Айрыкча жаңы үйлөнгөндөр да улуттук кийимдерди кийишип, тойдун көркүн ачышты.

Коноктордун арасында спортчулар Акжол Махмудов, Эрлан Шеров, Айпери Медет кызы, Үзүр Жузупбеков жана башкалар болушту.

Артисттердин арасында Нурайым Акылбекова, Эрлан Андашев, Гүлнур Сатылганова, Бактияр Токторов ж.б.

Буга чейин 23-сентябрда Таласта ресторандардын биринде Жоламан Шаршенбековдун колуктусу Айхан менен кыз узатуу тоюу өткөн.

Эске сала кетсек, Жоламан Шаршенбеков Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орун үчүн күрөштө кыргызстандык балбан ирандык Мехди Мохсеннежаддан күчтүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
1-октябрь, шейшемби