15:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Акыйкатчы жалган жалаа боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Маданият министрлигин интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорунун иштеп чыгууга чакырды.

Бул тууралуу ал аталган мыйзам долбоору жана Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигин ишке ашыруу маселеси талкууланган тегерек столдо билдирди.

Белгилей кетсек, 25-июлда «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин 107-1 беренелери менен толуктоо сунушталып, жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч — 100 миң сом, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч — 200 миң сом айып пул салуу каралууда.

«1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы — негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт», — деди Жамиля Жаманбаева.

Мыйзам долбооруна жүргүзүлгөн анализде эл аралык укуктарга жана жалпы кабыл алынган принциптерге ылайык, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы талданды.

Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып пулдун ченеми Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесине ылайык жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ ашып кетет.

Анүстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес.

Мындан сырткары, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева белгилегендей, КРнын Граждандык кодексинин 18-берениси жана КРнын Жогорку Сотунун пленумунун «Ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо тууралуу талаштарды чечүү боюнча соттук тажырыйба жөнүндө» 2015-жылдын 13-февралындагы № 4 токтомунда ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо үчүн сотко кайрылышы керектиги көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, 27-августта коомдук талкууга коюлган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда дагы ушундай каршылыктар бар. Анда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен жалган маалымат таркаткан жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч — 100 миң сом, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч — 200 миң сом айып пул салуу каралууда.

Жамиля Жаманбаева мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырат.

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы сөз эркиндигин камсыз кылуу жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо зарылдыгын белгилеп өттү.

Жалган маалымат таркарткандарга дагы айып пул салуу каралган Укук бузуулар жөнүндө кодекске дагы бир өзгөртүүнү киргизүүдө Акыйкатчынын долбоор боюнча пикирин эске алууну белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар