09:48
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Саидикрам Ниязходжаев дайындалды

Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Саидикрам Ниязходжаев дайындалды. Ал Бишкекке келгенин «Дуне» маалымат агенттиги билдирди.

«Дуне» маалымат агенттиги
Фото «Дуне» маалымат агенттиги. Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Саидикрам Ниязходжаев дайындалды

Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган расмий өкүлү 59 жашта. Ташкент политехникалык институтун (азыркы Ташкент мамлекеттик техникалык университети) бүтүргөн.

Бишкекке дайындалганга чейин Саидикрам Ниязходжаев 2018-жылдан бери Өзбекстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеген. Август айында эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Казакстандын президентинин жарлыгы менен II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланган.

Буга чейин дипломат Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары жана президенттик администрацияда жана мамлекеттик түзүмдөрдүн башка жооптуу кызматтарын аркалаган.

Саидикрам Ниязходжаев 2020-2024-жылдары Бишкектеги дипломатиялык миссияны жетектеген Хуршид Мирзахидовдун ордуна келди.

Эң көп окулган жаңылыктар