13:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

24-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +17...+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +26...+28 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар