18:33
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Акыйкатчы тергөө абагындагы Жоомарт Карабаевден кабар алды

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери № 1 тергөө абагына барып, кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүп келишти. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты социалдык тармактарга таркаган.

Мониторинг учурунда, Акыйкатчы институнун кызматкерлери Бишкектеги № 1 тергөө абагындагы Жоомарт Карабаевден кабар алышты.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, жардам сурады.

Анын айтымында, тергөө учурунда ага күч колдонулган.

Карабаев № 1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Аны менен бир камерада дагы 7 киши олтурат.

Ал эки жарым айдан бери камакта жатат.

Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар