04:35
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

18-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +21...+25.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, эртең күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +25...+27 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар