04:19
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

17-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндуз 22...27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23 жылуу болот;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаайт. Абанын температурасы 12...14, күндүз 21...23° жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар