04:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

14-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +22...+24 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар