19:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жерден: граната Ф-1—1даана; эски үлгүдөгү болжолдуу «Браунинг 1900» маркасындагы тапанча; МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча; төмөнкү калибрдеги патрондор: 7,62 мм — 26 даана, 7,62×54 — 2 даана, 5,45 мм — 81 даана, 9.18 — 17 даана; ошондой эле 1 даана Калашников жеңил автоматынын магазини табылды.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн КР ЮМга караштуу Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды издөөнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар