04:01
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Скутер менен өтүп бара жаткандарды тоноп жүргөн шектүү эки жаран кармалды

Тартип сакчылары тоноочулукка шектелген эки жигитти кармашканын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта бир аял арыз менен кайрылган. Ал 10-август күнү Ахунбаев көчөсүнө скутер менен келип, iPhone 13 телефонун колунан жулуп алып, изин жашырып кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 60 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча иш козголгон.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, кармоого жетишкен. Алар 20 жаштагы Д.В. жана Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган 21 жаштагы Ш.А. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Милиция бул кылмышкерлердин колунан жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0509090131, 0551333339 же 102 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар