05:47
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Нарын мото» заводу алгачкы ата мекендик мотоциклдерди сата баштады

«Нарын мото» заводу алгачкы продукциясын — ата мекендик мотоциклдерди сата баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

«Нарын мото» заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.

Өндүрүштөн чыккан «Нарынмото» аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.

Ошондой эле каалоочулар «Мбанк», «Компаньон» банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар