01:34
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте Кыргызстан-Кытай достук коому ачылды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Кытай достук коому ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын айтымында, Кыргызстан менен Кытай тыгыз социалдык-экономикалык байланыштары бар стратегиялык өнөктөштөр болуп саналат.

«Бизде Кытай тарап менен соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү бар. Кытай биздин стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз. Президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барганда өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлган», — деди ал.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан-Кытай достук коому экономикалык жана социалдык тармактарда түзүлгөн байланыштарды тереңдетип, маданият, спорт жана билим берүү тармагындагы алакаларды өнүктүрөрүнө ишеним билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар