18:23
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Быйыл Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 798 миллиард сомду түздү

2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 797,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Өсүү товардык өндүрүштүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукцияга салыктын эсебинен жетишилет.

Товар чыгаруу 8,8 процентке, кызмат көрсөтүү 5,4 процентке, таза продукцияга салык 6,4 процентке өстү.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүштү кызмат көрсөтүүчү тармактар ​​ээлейт (49,5 пайыз), бирок алардын үлүшү 2,2 пайызга кыскарган. Мында товардык продукциянын салыштырма салмагы 31,8 процентке чейин, анын ичинде курулуштун жана енер жайынын эсебинен 1,8 процентке жогорулады. Айыл чарбасынын үлүшү мурдагы децгээлде калды.

Эң көп окулган жаңылыктар
11-октябрь, жума