04:24
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

10-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-сентябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +15...+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +22...+24 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар