22:15
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

7-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +13...+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +12...+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +19...+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +14...+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +16...+18 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар