Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +22...+27.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +27...+29 градус болот.