22:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн, 3-сентябрда таңга жуук саат 04:49да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө калктуу пунктарда — Кара-Киндик айылында 3 баллга жакын, ал эми Сары-Таш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Эң көп окулган жаңылыктар