12:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

3-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +18...+23.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +25...+27 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар