21:59
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда саат 12:45те Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар