18:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн, 29-августта Кыргызстан аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 16:14дө өлкө аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга (Тамга айылынан 13 чакырым түштүгүндө, Кажы-Сай айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар