15:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир берилет

Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир берилет. Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар «Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды бекер берүү жөнүндө» мэриянын токтомунун долбоорун жактырды.

Спортчуга менчиктештирүү жолу менен Тунгуч кичи районунан батир бекер берилет.

«2018-жылы Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң күчтүү дзюдочуларынын рейтингинде биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай жыйынтыкка жетишилди. 2023-жылы Азия оюндарынын алтын медалын, 2024-жылы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын утуп алып, өлкөбүз үчүн мындай олуттуу сыйлыктарды утуп алган Кыргызстандын биринчи дзюдочусу катары тарыхта калды жана өзүнө кепилдик берди. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында ал планетанын эң мыкты дзюдочуларынын катарында катышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Шеров Эрлан, 1998-жылы туулган, дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин бүтүрүүчүсү, 2023-жылкы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар