23:01
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанда 1,3 миңден ашык мугалим жетишпейт

2024-жылдын 20-августуна карата Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1,3 миңден ашык мугалим жетишпейт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кадрдын жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында (493). Ошондой эле Чүй (292), Баткен (137), Жалал-Абад (110) жана Ысык-Көл (115) облустарында мугалимдердин олуттуу жетишсиздиги бар. Нарын (17), Талас (71) жана Ош (58) облустарында жана Ош шаарында (42) абал жакшы.

Мугалимдерге эң чоң муктаждык орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде, өзгөчө математика, орус жана англис тилдери, информатика, физика боюнча жетишсиз болууда.

Башкармалык 2024-жылдын 15-августунан тарта орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын түздөн-түз тапшырмасы менен жаш мугалимдерди мектептерге кабыл ала баштаганын баса белгиледи.

1-сентябрга жакын аймактарда, райондордо иш жүзүндө канча кадр жетишпей жатканы билинет.

Белгилей кетсек, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептер дагы бош орундарга мугалимдерди тартуу боюнча иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар