23:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өлкөнүн мыкты мугалимдери тандалды

«Мугалим — коомдун күзгүсү-2018» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирет.

Алардын маалыматында, сынакка республикабыздын аймактарынан мыкты деп табылган 12 мугалим катышты. Бир нече тапшырмадан турган сынакта мугалимдер өзүнүн кесипкөйлүгүн, акыл көрөңгөсүн, терең билимин, өнөрүн, талантын эл алдында көрсөтө алды.

Чүй облусунун Жайыл районунун С. Мырзакматов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Аида Медетбек кызы баш байгени жеңип алды. Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-мектеп интернатынын география мугалими Султанбек Момунов 1-орунга татыктуу болуп, 2-орунду Бишкек шаарындагы Ж.Садыков атындагы № 84 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эсенбек Зарипбеков алып, ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюмунунун тарбиячысы Айзада Исабековага жана Ысык-Көл районунун Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Нурдан Эшимкановго 3-орун ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар