2024-жылдын июнь айында суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепетинен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы пайдалануудагы жолдорго жана көпүрөлөргө келтирилген зыян 115 миллион сомдон ашык сумманы түздү. Бул тууралуу журналисттерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол башкармалыгынын башкы адиси Руслан Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунда бир көпүрө, Ош облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда эки көпүрө катуу жабыркаган.
Келтирилген зыян абдан оор экенин Руслан Асаналиев белгилеп, аларды калыбына келтирүү толук реконструкциялоону талап кылаарын кошумчалады.
Селдин кесепеттерин жоюуга жол фондунан 158,5 млн сом бөлүнгөн