17:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргыз-орус инновациялык жетишкендиктердин жарманкеси: алты келишимге кол коюлду

Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрү эки өлкөнүн билим берүү жана илимий мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк тууралуу алты келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин алкагында эки өлкөнүн билим берүү жана илимий уюмдарынын кызматташтыгын кеңейте турган бир катар документтерге кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жана Россия билим берүү академияларынын, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин, «Балажан» эстетикалык тарбиянын республикалык окуу-методикалык борборунун жана «Татыктуу билим берүү үчүн» билим берүүнү колдоо фондунун жана бир катар башка окуу, илимий мекемелер ортосунда документтерге кол коюлду.

Эске салсак, Ысык-Көлдүн жээгинде билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар