10:07
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Казакстан президенти даярдыктар менен таанышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы мелдештин ачылыш аземи боло турган «Астана Арена» стадионуна барды. Жыл ичинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жабдуулар жаңыртылган. 30 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жайды жакшыртуу иштери аяктады.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын жеңил атлетика комплексинде жайгашкан аккредитация борбору менен таанышты. Президентке Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн курама команданын формасы тапшырылды. Иш-чаралар учурунда 1 миң 500 ыктыярчы тартылат.

«V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2 миң 800 спортчу жана расмий делегация мүчөлөрү катышаары күтүлүүдө. Анда спорттун 21 түрү боюнча 97 комплект медаль ойнотулат. Негизги мелдештер «Астана Арена» стадионунда, «Казанат» ипподромунда, «Алау» муз сарайында, Үшкемпиров атындагы жоокердик өнөр сарайында, «Думан» мейманканасында жана спорт комплексинде өтөт. Мындан тышкары, жамбы ату жана тенге илүү боюнча мелдештер үчүн атайын аянтча түзүлдү», — деп айтылат Акорданын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Оюндарга 150дөн ашык маданий иш-чаралар арналган. Тактап айтканда, этно-айыл аймагында Көчмөндөр цивилизациясынын музейи, кол өнөрчүлөр шаары жана скульптуралардын көргөзмөсү уюштурулуп, «Көчмөндөр: тарых, билим, сабактар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Мамлекет башчысы ат оюндары өтө турган «Казанат» ипподромуна, жаа атуу жана теңге илүү боюнча мелдештер өтүүчү жайга барды.

Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн. VI оюндар Кыргызстанда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар