USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Макаров тапанчысын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

16:24, 20 августа 2024, Бишкек - 24.kg

«Макаров 9 мм» тапанчасын мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга же алып жүрүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран аныкталды.

Тактап айтканда, К.Т.С. мурда К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, өз коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен ок атуучу куралды сатып алуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин билип туруп, белгисиз адамдан ок-дарысы (патрону) бар «9 мм Макаров тапанчасын» сатып алган.

 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Т.С.нын жашаган жерин тинтүүнүн натыйжасында «Макаровд 9 мм» тапанчасы жана 7 даана ок (патрон) табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, алынган аскердик тапанчага баллистикалык экспертиза дайындалды.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика