Талас шаарынын мэри болуп Байышбек Астанакулов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге бүгүн Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин кол койгон башка тескемеге ылайык Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду.