.14-августта түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28...33.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21...23°, күндүз 35...37° жылуу болот.