Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөрүн айтты. Бул тууралуу спортчу бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Мындан тышкары Олимпиада оюндардын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу да 2024-жылдын аягына чейин үйлөнүүнү пландоодо. Анын айтымында, үй-бүлө курам деген сүйлөшкөн кызы бар.