17:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чолпон-Атада кайрадан сел жүрдү: көчөлөрдү суу каптады

Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча негизги иштер активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажыкеев селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеке көзөмөлүнө алды.

Чолпон-Ата шаарында нөшөрлүү жааган жаандан улам, кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан турак үйдү жана бир дүкөндүн короосуна кирген.

Учурда жеринде министр баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар