13:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Улуттук банк валюта рыногуна 51,6 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, валюта рыногуна 51 млн 650 миң АКШ доллары сатылды.

Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 19 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 32 млн 650 миң доллар сатылган.

Учурда доллардын расмий курсу 85,12 сомду түзүүдө. Коммерциялык банкттарда доллар 85,40 сомдон сатылып алынса, 85,90 сомдон сатылууда.

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна 90 млн 150 миң доллар сатты.

Эң көп окулган жаңылыктар