Кыргызстанда өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда жашы жете электердин катышуусунда 828 кылмыш катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга көп.
Өспүрүмдөр арасында 733 кылмыш жасалган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,7 пайызга көп.
Нуржан Адылова белгилегендей, быйыл өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү 127 кылмыш катталды, бул 2023-жылдын алты айына салыштырмалуу 65,3 пайызга аз.
Мындан тышкары, жашы жете электердин өз жанын кыйгандардын саны азайды — 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12ге аз.